• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сузактагы кырсык. Кан жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.24. /Кабар/. Социалдык тармакта тарап жаткан Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдарга кан жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, облустук клиникалык балдар ооруканасында кан жана кандын компоненттери жетиштүү.

Ошондой эле Бишкектен кошумча дагы кан жана дары-дармектер жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий