• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги тик учактын кыйрашы. Бир аскер кызматкери каза болуп, сегизи жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашынан бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 8 аскер кызматкери жабыркады. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүн абалы оор. Алардын баары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий