• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Тажикстанда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.24. /Кабар/. Бүгүн эртең мененки саат 7:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту билдирет.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий