• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министрлиги япониялык компания менен гравитациялык энергия алуу жаатында кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Токио шаарында КР Энергетика министрлиги менен япониялык «Метарайз Жапан» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө кол коюлган меморандумду алмашуу аземи өттү.

Министрликтен билдиришкендей, аталган документке 2023-жылдын 29-ноябрында КР энергетика министри Таалайбек Ибраев жана япониялык «Метарайз Жапан» компаниясынын башкы директору Накамура Рёта кол коюшкан.

Меморандумду алмашуу аземине видеоконфренция байланышы аркылуу катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын энергетика тармагына инвестициялык долбоорлордун маанилүүгү жана чет өлкөдөн келе турган инвесторлор үчүн тийиштүү шарттар жана колдоолор мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Ао ошондой эле учурда Кыргызстандын энергетика тармагында, жашыл экономиканы күчөтүү максатында инвестиция кылуу үчүн япон компаниялары активдүү иш алып барып жатканын менен белгилеп, Кыргызстандын Япониядагы элчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев өз сөзүндө, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 17-20-ноябрь күндөрү Японияга расмий сапары учурунда Токио шаарында «Метарайз Жапан» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп, анда Кыргызстанда ишке ашырылуучу долбоорлорунун презентациясы болгонун маалымдады.

Аталган жолгушууда «Метарайз Жапан» компаниясынын негиздөөчүсү Андо Даичи пилоттук долбоорду баштоо үчүн ушул жылдын май айында Кыргызстанга кубаттуулугу 3-5 киловатт саат болгон 10 гравитациялык генераторду жөнөтө турганын билдирди.

Компания аталган жабдууларды чыгаруу үчүн Японияда эксклюзивдүү патент алган жана суу, күн, шамал жана жылуулук энергиясын колдонбостон суткасына 24 саат бою электр энергиясын иштеп чыгууну уланткан гравитациялык аппараттар келечекте Кыргызстандын энергетикалык абалына пайдалуу таасирин тийгизет деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий