• 88.68
  • 95
  • 0.95

Уланбек Бейшенбаев Транспорт департаментинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Уланбек Бейшенбаев Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий