• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Камбарата-1 ГЭСинин долбооруна байланышкан макулдашууну карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында «2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбарата -1 ГЭСинин долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) (Камбарата - 1 ГЭСинин долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси-министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берди. Анын айтымында, Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) ишке ашыруунун максаты – 1860 МВт белгиленген кубаттуулугу болгон Камбарата -1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу болуп саналат.

"Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясына болгон муктаждыкты жабууну камсыздоого жана энергетика секторунун финансылык абалын бекемдөөгө жана аны туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгууга мүмкүндүк берет, бул сектордогу компаниялардын финансылык абалын жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Долбоордун жалпы суммасы-5 млн АКШ доллары, анын ичинен: насыя – 3 млн АКШ доллары, грант – 2 млн АКШ доллары. Насыянын мөөнөтү-50 жыл, жеңилдетилген мөөнөт – 10 жыл, пайыздык чен – 0%", - деди баяндамачы.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун депутаттар биринчи окууда колдоого алышты.

Пикир

Оставить комментарий