• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору КР Конституциясы менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга укугун ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ал көз карандысыз, жооптуу жана атандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө болот.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоору тууралуу түрдүү пикирлер жаралып, кемчиликтер сынга алынып жатканын белгиледи. Муну менен катар, эл өкүлү аймактык басылмалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселесин көтөрүп, мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлүшү керектигин айтты. Министр мыйзам долбоорунда жаңы түшүнүктөр, жаңы медиа, аккредиттөө жана каттоо механизмдери камтылганын ырастап, аймактык басылмалар өзүн-өзү каржылоого өтөрүн кошумчалады.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев министр өз баяндамасында бир нече жолу веб-сайт маселесин көтөрүп, мыйзам долбоорунун 3, 9, 10, 29-беренелерине өзгөчө көңүл бурганын айтып, буга тиешелүү өзүнүн сунуштарын берерин маалымдады.

Депутат Дастан Бекешев маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү токтотулган учурлар боюнча суроолорду узатып, ЖМКларды аккредиттөө жана мамлекеттик каттоо маселесин ортого салды.

Андан тышкары, депутат Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, ЖМК өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароодо маалыматтын жайылып кетишине жол берген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жоопкерчилигине да укуктук баа берүү зарыл. Ал ошондой эле мамлекеттик каттоо күбөлүгүн жараксыз деп табуу механизмдери боюнча маселени көтөрүп, мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо боюнча ченемдерди так жазууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий