• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте унааларын жашыл аянтчага токтоткон айдоочулар айыпка жыгылышты

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бишкекте автоунааларын жашыл аянтчага токтоткон айдоочуларга карата чара көрүлдү, деп билдирет Бишкек мэриясына караштуу Муниципалдык инспекциянын маалымат кызматы.

Инспекция кызматкерлери жол инспекторлору менен биргеликте Токтогул көчөсүндөгү Ж.Турусбеков жана К. Акиев көчөсүнө чейинки бөлүктө автоунааларын башаламан токтоткон алты айдоочуну аныкташкан. Аларга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 33 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Муниципалитет калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык автоунааларды жашыл аянтчага токтотконго болбой тургандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий