• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусундагы фермерлерге 65 баш асыл тукум бодо мал берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында жайгашкан “Келечек” ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ошондой эле министрдин орун басары фермерлерге абердин-ангус породасындагы 65 баш бодо мал тапшыруу аземине катышты.

Бодо мал Дүйнөлүк банктын колдоосу менен министрликтин Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында ишке ашырылып жаткан "Регионалдык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында тапшырылды. 10-мартка чейин дагы 57 баш берилмекчи.

Ошондой эле абердин-ангус тукумундагы бодо малдын саны көп болгондуктан кошумча 339 ири мүйүздүү баш малга тендер жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий