• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда белгиленбеген жерлерде тамеки тарткандарга 3 миң сомго чейин айып салынат

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартууга, тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузууга болгон жоопкерчилик күчөдү. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталы маалымдайт.

Ага ылайык, 2024-жылдын 28-февралындагы №61 КР Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда адамдардын ден соолугуна айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жана анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана электрондук сигареталардан, анын ичинде электрондук сигареталардан бөлүнүп чыккан заттардын тийгизген таасирин четтетүү үчүн тамекини жана никотинди чегүүгө, анын ичинде суу түтүктөрүн (кальянды), тамекини ысытуу үчүн системаларды жана башка тамеки буюмдарын пайдалануу менен чегүүгө, ошондой эле НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) пайдаланууга толук тыюу салынат.

Өзгөртүүлөр менен ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан темир жол бекеттеринин, автобекеттердин имараттарында жана жайларында, имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш орундарында жана жумушчу зоналарда уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери тамеки чегүү үчүн атайын орун жайларды бөлүп берүүсү жана аларды санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдуусу зарыл.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жайгашкан коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын жайларды аныктоосу жана камсыз кылуусу зарыл.

Мыйзам менен белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу, калкты тамеки заттарынын зыяндуу таасиринен коргоо эрежелерин бузуу, тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузууга болгон жоопкерчилик күчөтүлүп, айып пул 10дон 30га чейин эсептик көрсөткүчкө көтөрүлдү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий