• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Калкты тейлөө борборлорун уюштуруу ишин күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 30.01.22. /Кабар/. КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев бардык район-шаарларында 2022-жылдын I кварталына карата Калкты тейлөө борборлорун (КТБ) уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу ал облустун жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл калкты тейлөө борборлорун ачуудагы бардык маселелерди ыкчам чечип, заман талабына ылайык тургундарга кызмат көрсөтүү иштерин жандантуу зарылдыгын айтты. Мындагы башкы максат - калты тейлөө жайларындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана убакытты үнөмдөөгө шарт түзүү экенин билдирди.

Санариптештирүү багытында бүгүнкү күндѳ облустун аймагында Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо райондорунда жана Жалал-Абад шаарында Калкты тейлөө борборлору иштеп келүүдө.

2021-жыл ичинде калкка тейлөө кызматын көрсөтүүдө 4 “Бирдиктүү терезе” жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарында уюштурулуп, бүгүнкү күндө облустун аймагында 45, райондук жана шаардык мекеме-ишканаларда 109 “Бирдиктүү терезе” иштеп иштеп жатат.

Облуста “Инфодокс” электрондук кат алмашуу тутумуна 11 райондук мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар, 72 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошулган. Ал эми Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы ушул жылдын 1-февралына туташтыруу күтүлүүдѳ.

Ошондой эле “Е-Кызмат” маалыматтык тутумуна Жалал-Абад облусунун аймагында 8 райондук мамлекеттик администрация жана 4 облустук маанидеги шаарлар, 72 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошулуп, бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп келет.

Пикир

Оставить комментарий