• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде 2 жаран Хизб ут-Тахрир уюмунан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Ноокенде 2 жаран Хизб ут-Тахрир уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында «Экстремист» операциясы өткөрүлүп, 24 факты аныкталды.

Анын алкагында ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2 тургуну «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттодон чыгарылган. Ошондой эле мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 191 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Облус аймагында ЭММКАК багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий