• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Баткен облусунун соттук-медициналык экспертиза бюросунда кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, кызматтык милдеттерин аткарууда финансылык тартип бузуу фактылары бар Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык маяна алып жаткандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, объективдүү жана ар тараптуу тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий