• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды — эскиздер

Аймак 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Ош шаарында жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча борбордук аянтта жөө адамдар үчүн фонтандын курулушу жана Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоорду толук аяктоо кийинки жылга болжолдонгон.

Эске салсак, аталган курулуштар Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий