• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз мечит куруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында КР жараны Ч.М.Х. уруксат документтери жок, үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган. 2023-жылдын март айында Жалал-Абад облусундагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алкагында аталган мечиттин иштеши токтотулуп, 7 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынган.

Ага карабастан жаран Ч.М.Х. башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Сузак районунун Барпа айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад облустук казыятынын, Сузактагы “Кадастр” жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен айылда жума мечитинин (700м аралыкта) болгонуна карабастан, уруксат кагаздары берилген. Ошол эле учурда аталган мечитте КР мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары белгиленди.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Барпы а/а башчысынын, Сузактагы “Кадастр” жана Архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, Жалал-Абад облусунун казысынын, ошондой эле КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Андан кийин КР ДИМК тарабынан берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Сузак районунун Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектке (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылат.

Пикир

Оставить комментарий