• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Учурда «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталды.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштеринин 5 чакырымы курулуп бүткөн. Куруу иштери толугу менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий