• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Илияз Иманбетов Каракол аэропортунун абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. ​​​​​​Кечээ, 27-октябрда КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов Каракол аэропортунун абалын көрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аэропортту реконструкциялоо иштери жүрүүдө, атап айтсак жаңы каттоо залынын имаратынын пайдубалы түптөлүүдө, андан тышкары учуп-конуу тилкесинин эски асфальттары сыйрылып, жаңы тилкени басууга даярдыктар көрүлүүдө.

Облус башчы аэропортту реконструкциялоо иштерине колдон келген көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий