• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нооруз – 2024. Ошто бир катар көчөлөр убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы бир нече көчө бүгүн саат 14:00дөн тарта убактылуу жабылды. Мындай чара Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу көрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чектөө киргизилген көчөлөр:

  • Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралыгы;
  • Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу жүрөт.

Ошондой эле №2 троллейбустук каттамы дагы убактылуу токтоду.

Шаардык мэриядан 22-марттан тарта жол кыймылы кайрадан баштапкы калыбына келтирилерин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында жаздын жана жаңылануунун майрамы Ноорузга карата майрамдык салтанат өтөт.

Пикир

Оставить комментарий