• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте салыктар боюнча “Бизнес-билим кербени” өтөт

Экономика 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бишкекте салыктар боюнча “Бизнес-билим кербени” өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматтык жолугушуу 29-мартта "Новотел" отелинде болот.

Иш-чаранын темалары:

  • Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр;
  • чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдери;
  • кассалык машинаны колдонуу эрежелери;
  • электрондук кампаны жана ЭТТНны колдонуу эрежелери;
  • электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби;
  • ЭСФти каттоонун тартиби жана жол-жобосу;
  • салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча электрондук отчетторду өз алдынча берүү;
  • мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө мораторий жана жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлгөн.

Аны Экономика жана коммерция министрлиги JIA Бизнес Ассоциациясы жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий