• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

21-22-мартта “Унаа” мекемесинин бардык бөлүмдөрү иштебейт

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Нооруз майрамына байланыштуу 21-22-мартта Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин ("Унаа" мамлекеттик мекемеси) бардык аймактык бөлүмдөрү иштебейт.

Агенттиктен кабарлашкандай, ал эми 23-24-мартта төмөнкү бөлүмдөр штаттык режимде иш алып барат:

  • Бишкек шаардык бөлүм, тел: 0312 63-23-63, дареги: Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 2 (“Аю Гранд” СБ);
  • Аламүдүн бөлүмү, тел: 0312 67-88-82, дареги: Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206;
  • Таш-Дөбө сектору, тел: 0312 42-06-22, дареги: Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41;
  • Регион аралык бөлүм, тел: 0312 46-39-10, дареги: Военно-Антоновка айылы (“Риом-авто” унаа базары);
  • Сокулук—Москва бөлүмү, тел: 0312 60-76-37, дареги: Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26;
  • Жалал-Абад региондук бөлүм, тел: 03722 5-09-19, дареги: Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, 32;
  • Ош-2 сектору, дареги: Ош ш.аары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 (“Жапалак” унаа базары).

Ошондой агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча сунуштарыңыз же суроолоруңуз болсо Telegram жана Whatsapp аркылуу төмөнкү телефон аркылуу байланышсаңыз болот: 996 701 51-00-40.

Пикир

Оставить комментарий