• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта 13 жашар кызды 9 жигит бир жылдай зордуктап жүргөн. Акыйкатчы укук коргоо органдарынан чара көрүүнү талап кылат

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн башкы прокурордон, ошондой эле КР ИИМдин жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылат.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн кыздын ата-энеси акыйкатчынын жеке кабылдамасында болуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүндү.

Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышты.

Кыздын апасы ыйлап, алардын үй-бүлөсүн жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн балдардын туугандары коркутуп, кысым көрсөтүп жатышканын айтып берди.

Апасынын айтымында, Сокулукта 2023-жылдын апрель айынын бери анын 13 жаштагы кызын 19-22 жаштагы 9 жигит системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ушул жылдын январында кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин гана табылган.

Жоголгон кыз табылгандан кийин, балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген.

Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан.

Бирок Сокулук РИИБ тарабынан жабыр тарткандардын айтуусу боюнча, ушул жылдын февралынан ери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аракеттер көрүлбөй жатат.

Белгилүү болгондой, 13 жашар кызды 2023-жылы апрелинде 20-жаштагы жигит алдап унаасына салып кетип, шаардын четине алып барып зордуктаган.

Кызды окуя тууралуу бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем деп коркуткан. Андан кийин талаада жалгыз таштап кеткен. Анан кайра келип, кызды шок абалда Сокулукка алып келип, досуна үйүнө жеткирип кой деп таштап кеткен.

“Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. Ата-энеңе айтып беребиз деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон колго өткөрүп беришкен. Алар жыл бою системалуу түрдө кызымды коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай зордуктап жүрүшкөн", - деп аял кызынын кандай кордук көргөнүн ыйлап айтып берди.

Кыздын ата-энеси кызын сактап калууга жана адилеттик табууга аракет кылууда.

Кыздын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек болгон. Ал учурда ооруканада.

Жашы жете элек кыздын ата-энеси күнөөлүүлөргө карата кылмыш иши козголдубу жана алар жоопкерчиликке тартылаарын билбейт.

Бул учурда кызды системалуу түрдө зордуктап жүргөн жигиттердин туугандары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүшүп, коркутуп-үркүтүп келишкен.

Үй-бүлөдөгү башка балдарга да коркутуулар болгон. Ошондой күнөөлүү балдардын биринин иниси мектепте окуя тууралуу ушак тараткан үчүн кыздын сиңдисин балдар шылдыңдап, ага карта да кысым болуп жатат.

Кыздын апасы бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жардам берүүнү суранат.

"Алар менин кызымдын тагдырын талкалашты. Ал үч жолу өз өмүрүн кыйууга аракет кылды... Бул зөөкүрлөр мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазалансын. Алар адам эмес! Алар башка кыздардын да тагдырын талкалашы мүмкүн", — деп ыйлады аял.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, 9 жигиттин бири алардын бири менен "нике" кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант.

Акыйкатчы кыздын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн токтоосуз чара көрүү талабы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды даярдап жатат.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берилди, ошондой эле кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий