• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги №68 мектеп-гимназиясында спорт корпусу курулууда

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Бишкектеги №68 мектеп-гимназиясынын аймагына спорт корпусунун курулушу башталды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, корпустун имаратынын жалпы аянты 1111,49 чарчы метрди, ал эми жердин аянты 2,3 гектарды түзөт.

Курулуш мектеп аянтынын түштүк-батыш тарабында, мурдагы спорт аянтчасынын ордуна долбоорлонгон.

Корпуста универсалдуу спорт аянтчасы, чуркоо, машыгуу жана активдүү оюндар үчүн аянтча (башталгыч класстар үчүн) каралган.

Учурда жер казуу жана пайдубалдын негизин куюу иштери бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий