• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Жогорку сотунун төрагасы БУУ ЕЭКтин алкагында өтүп жаткан иш-чараларга катышууда

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын алкагында өтүп жаткан иш-чараларга катышууда. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Замирбек Базарбеков маалыматка жетүү, коомчулуктун чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу жана курчап турган чөйрөнү коргоо (Орхус конвенциясы) маселелери боюнча сот адилеттигине жетүү боюнча максаттуу топтун 14-отурумуна жана соттук коллоквиумга катышууда.

Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева дагы бар.

Иш-чара Швейцариянын Женева шаарындагы Улуттар сарайында Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын (UNECE) колдоосу астында өтүүдө.

Жолугушуу Улуттар сарайында дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн сот бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат.

Замирбек Базарбеков Орхус конвенциясынын талаптарын жана эл аралык укуктун башка тиешелүү ченемдерин эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнө жана абанын сапатына байланышкан иштердин ар кандай түрлөрүн кароодогу учурдагы тенденциялар жана акыркы окуялар боюнча сессияда сүйлөгөн сөзүндө жарандардын, юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин кызмат адамдары үчүн алардын бузулган экологиялык укуктарын коргоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн сотко мүмкүн болушунча кайрылуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

Төрага билдиргендей,2020-2021-жылдар аралыгындагы акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын сотторунда экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча болгону 11 кылмыш иши каралган.

Катышуучулар аймактык-мейкиндикти пландаштыруу жана энергетика менен байланышкан иштер боюнча сот адилеттигине жетүүгө байланышкан маселелерди талкуулап жатышат. Ошондой эле Конвенциянын үчүнчү компонентин ишке ашыруу жана сот адилеттигине натыйжалуу жетүүнү алга жылдыруу темалары да козголот.

Пикир

Оставить комментарий