• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Нурланбек Азыгалиев да катышты.

Жолугушууда кыргыз-түрк кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, энергетика, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында биргелешкен долбоорлорду улантуу боюнча пикир алмашуу болду.

Парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү багытында тараптар эки тараптуу иш сапарларды уюштурууну талкуулашты. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстанда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык жыйынынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Ч.Айдарбеков Кыргызстан Түркия менен стратегиялык жана бир туугандык мамилелерди сактоого жана тереңдетүүгө артыкчылык берерин белгилеп, азыркы учурда бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Түркия тарапка COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирилди.

Депутат Нурланбек Азыгалиев соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыш түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Түркия кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн жогору баалай турганын баса белгилеп, Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди. Дипломат ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, айтылган бардык демилгелерди колдоорун айтты.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары маданий-гуманитардык кызматташтыктын аспектилерин талкуулашты, ошондой эле 2022-жылдын сентябрь-октябрь айларында Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү маселелерине токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий