• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Бишкектеги жаштар аллеясын Т.Жумакадыровдун ысымы менен атоону сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакпаев («Республика-Ата Журт») Бишкектеги жаштар аллеясын Темир Жумакадыровдун ысымы менен атоону сунуштоодо. Эл өкүлү мындай сунушту бүгүн ЖКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага Ысык-Көл жана Бишкектин жаштары жана Коомдук уюмдар кайрылып, Бишкектеги жаштар аллеясын Темир Курмангазиевич Жумакадыровдун ысымы менен атоону сунушташкан.

“Бул адам өзүнүн жаш экендигине карабай, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана вице-премьер-министр болуп турган кезде коррупция менен күрөштө жана укук коргоо системасын жакшыртоодо чоң салым кошкон. Менимче, биз мындай чечим кабыл алсак, анын ишмердүүлүгүнө баа берип жана Жумакадыровдун Кыргызстандын тарыхындагы оордун аныктайбыз",-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 7-октябрында 38 жаш курагында Талас облусуна кезектеги кызматтык командировкага баратканда жол кырсыгынан Темир Жумакадыров каза болгон. Вице-премьер менен бирге анын жардамчысы жана айдоочусу көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий