• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, күйүүчү май Кыргызстанга Орусиядан алынып келет. 2016-жылдын келишими боюнча, ташып келүүдө бажы салыктары алынбайт. Ал үчүн эки тарап жыл сайын Кыргызстанга керектелчү күйүүчү майдын көлөмүн белгилешчү. Эгер бекитилген көлөмдөн ашса, кыргыз тарап экспорттук пошлина төлөйт.

Ушуга тийиштүү индикативдик баланс ушул жылдын 1-октябрына чейин тийиштүү органдар тарабынан макулдашылып, документке кол коюлушу керек эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ага кол коюла элек, - деп айтылат Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматында.

Бул маселе жыл аягына чейин чечилбесе, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан күйүүчү майды пошлина төлөп алууга мажбур болот – 1 тоннасына 40,5 доллар. Бул өз учурунда күйүүчү майдын кымбатташына алып келет.

Мындан тышкары, орус тарап 2019-жылга Кыргызстан үчүн керектелчү күйүүчү майдын көбөйтүүдөн баш тартып, 2018-жылдын өлчөмүндө калтырууну сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий