• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн республиканын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда республиканын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий