• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш болууга ниттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга боло турган сапарынын алкагындагы маанилүү саясий документ – эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларациясы болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтуусунда, бул тарыхый окуя болот жана эки тараптуу алакалардын жаңы баракчасын ачат. Сыдыков кошумчалагандай, бардыгы болуп 10го жакын эки тараптуу документтердин пакетине кол коюу күтүлүүдө.

Жээнбеков 23-24-август күндөрү мамлекетик визит менен Түркмөнстанда болот. Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун тар жана кенен форматтагы жолугушуусу өтөт.

Андан тышкары мамлекет башчысы сыйлуу конок катары Түркмөнбашы шаарында өтө турган Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү - Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.

Пикир

Оставить комментарий