• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Автоураган". Издөөдө жүргөн жана жол эрежесин одоно бузган унаалар аныкталууда

Коом 0


Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын жолдорунда "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси иштеп жатат. Анын жардамы менен издөөдө жүргөн, каттоосу убактылуу токтотулган, айып пулдарын төлөбөгөн жана башка жол эрежесин одоно бузган автоунаалар аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти

Белгилей кетсек, 2023-жылы 20 "Автоураган" комплекси ишке киргизилген.

Башкармалыктан кошумчалашкандай, учурда өлкө аймагында дагы кошумча 5 стационардык программалык-аппараттык комплекси орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий