• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суу районунда сот аткаруучу опузалап, акча алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Кара-Суу районунда сот аткаруучу опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2023-жылдын 23-декабрынан тартып “С.” аттуу Кара-Суу районунун сот аткаруучусу Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 11-январда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Кара-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу жаран 20 миң сом атайын белги коюлган акча каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалды.

Азыркы учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий