• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каракол ат майданы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Каракол ат майданы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ат спорту өнүктүрүлөт . Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров саяпкерлер, көк бөрүүчүлөр жана жылкы менен алек болгон жарандар менен жолугушуп, ат майданын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Облус жетекчиси ипподромдун азыркы абалына тынчсыздануусун билдирип, аны реконструкциялоонун зарылдыгын белгиледи.

«Ипподром бир гана мелдеш өткөрүүчү жай эмес, туристтерди тартуучу жана аймактык туризмди өнүктүрүүгө салым кошкон маданий эс алуу борбору болушу абзел», - деп белгиледи өкүл.

Жыйында саяпкерлер өз пикирлерин билдирип, сунуштарды айтышты.

Пикир

Оставить комментарий