• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктү көмүрүнүн туруктуу баасы бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Баткен облусунун башчысынын орун басары Тимур Мадияров жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Сүлүктү шаарындагы көмүр компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жетекчилер көмүр кендеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алуу максатында жерине да барышты.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Сүлүктүнүн "БР" үлгүсүндөгү көмүрүнүн бир тоннасы 6 миң сомдон, ”БК” үлгүсүндөгү көмүрдү 8000 сомдон сатуу макулдашылды.

Аны менен катар көмүр кендеринин жетекчилерине бааны туруктуу кармоо жагы эскертилди.

Белгилей кетсек, облустук бийлик 2023-жылдын июнь айында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Баткен облусунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүү боюнча сунуш менен кайрылган.

Анын жыйынтыгы менен Сүлүктү шаарынын шахталарынан өндүрүлгөн көмүр бааларын туруктуу кармоо алдын ала пландалган.

Көмүрдүн баасынын жогорулашынын себебин шахта жетекчилери кен казуу иштеринин оордугу, кооптуулугу, жумушчу күчтүн жоктугу, инфляциянын өсүүсү менен түшүндүрүштү.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча атайын буйругу чыккан, район-шаарларга элди арзан баада көмүр менен камсыздоо үчүн көмүр базаларын уюштуруу тапшырмасы коюлган.

Жалпы Баткен облусунун көмүргө болгон ички керектөөсү 120 миң тоннаны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий