• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жазгы үч айлыкка активдүү катышкандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, ага активдүү катышкан бир нече ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер сыйланышты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, ар бир муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин, Ош шаарынын тургундарынын, жеке ишканалардын жана социалдык мекемелердин шаар аймагындагы тазалыкты калыбына келтирүүдө, көрктөндүрүүдөгү кошкон салымдарын белгиледи.

Салтанаттуу жыйындын алкагында “Мыкты муниципалдык башкармалык”, “Мыкты кварталдык комитет”, “Мыкты көп кабаттуу үй”, “Мыкты социалдык мекеме”, “Мыкты муниципалдык ишкана”, “Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн мыкты жеке менчик ишкана”, “Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн мыкты ишкана” наамдары боюнча жеңүүчүлөргө сертификаттар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий