• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алай районунун сел жүргөн аймагында 2 медициналык бригада иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Алай районунун сел жүргөн аймактарында 2 медициналык бригада иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Алай районунун Корул айыл өкмөтүндө 3-майда катуу жаандан кийин сел жүргөн жерге Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова, Ош облусунун координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова барып кабар алышты.

Белгиленгендей, жарандардын ичинен оор жаракат алгандар жок, 2 бейтап канааттандырарлык абалда ооруканада дарыланууда, 9 кош бойлуу аялдын ичинен бирөө төрөдү, абалы туруктуу. Бардыгы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.

"Учурда кырсык катталган аймакта 2 медициналык бригада толук кандуу иш алып барууда. Бригаданын курамында үй - бүлөлүк дарыгер, офтальмолог, УЗИст бар. Бүгүнкү күндөн тартып Ош облустук ооруканасынын психолог, психиатр, невролог адистери жеринде иш алып барууда. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз уюштурулган. Дары-дармек жана тез жардам унаасы менен камсыздандырылган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл адистери тарабынан дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий