• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында "Кара-Багыш" өткөрмө бекети ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Бүгүн Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан кыргыз-өзбек чегиндеги "Кара-Багыш" өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Үрүстөм Манапов, Андижан облусунун губернатору Ш.Абдурахманов, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Андижан облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жандангандыгына эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары кубанып турат.

Ачылыш аземине келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулуп, эки тарап бири-бирин куттукташты.

Белгилнгендей, жаңы ачылган чек ара өткөрмө бекети бүгүндөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий