• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында курулуш материалдарын иштеп чыгаруучу муниципалдык ишкана курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ишкананы курууга мамлекеттен 5 млн сом, Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 400 миң сом өздүк салым катары жумшалган.

Учурда керектүү бардык жабдуулар орнотулуп,ишкана алгачкы продукцияларын чыгарууда: пескоблок, брусчатка, шакектер, суу ноолору, электр мамычаларынын үлгүлөрү.

Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан ишканада сырье маселеси жок, дарыядан эң жогорку сапаттагы кум шагылдар иштетилет.

Муниципалдык ишканада 8 жумушчу орду түзүлдү.

Ишкананы ачуунун негизги максаты — айыл аймактын дотациядан чыгуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий