• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында “Ден соолук” форуму өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу Ош шаарында “Чыгыш” укалоочулар бирикмеси тарабынын “Ден соолук” форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Дурусбек Эрнусбек уулу билдирди.

Анын айтымында, форумга Бишкек жана Ош шаарында эмгектенген тажрыйбалуу дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Форумдун алкагында кайрымдуулук иш-чарасы дагы өткөрүлдү.

“Бул иш-чаранын негизги максаты дарыгерлердин башын бириктирип, алардын өз ара тажрыйба алмашуу, коомчулукка адамдын саламаттыгына зарыл болгон пайдалуу маалыматтарды берүү. Форумга катышуучулар атайын билеттин негизинде киришти. Андан түшкөн каражат майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, колу жука үй-бүлөлөргө жардам катары берилет“,-деди ал.

Мындай форум эми аймактарга дагы уланат. Анда дасыккан дарыгерлер коомчулуктун көңүлүн дени сак жашоого, өз саламаттыгын алдын алууга чакырышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий