• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУ 85 жылдык мааракесине карата көркөм жана даректүү тасма тартат

Аймак 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков искусство факультетинде болуп, киноакадемиянын ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Ректор окуу жайдын жамааты менен болгон жолугушууда университеттин алдыга койгон максаттуу иш-аракеттери тууралуу айтып, киноакадемиянын бул багытта жасала турган иштерде салымы чоң экендигин белгиледи.

Кыргыз киносун, театрын өнүктүрүү максатында ачылган киноакадемиянын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн окуу жай 3 млн 600 миң сом каражат бөлгөн.

Алдыда киноакадемия ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата 1 толук метраждуу көркөм тасма, 1 даректүү тасманы тартууну пландаштырып жатат.

Окуу жайдын киноакадемиясы ачылгандан тарта 5 спектакль, 9 кыска метраждуу тасма, 1 даректүү тасма, 5 видео клип тартылып, 8 массалык оюн-зоок программалары коюлган.

2023-жылы Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата киноакадемия “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасын тартып, көрүүчүлөргө тартуулаган.

Пикир

Оставить комментарий