• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорттордо кыргыз тилинде анимациялык мультфильмдер көрсөтүлө баштайт

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Эми Бишкекте автобус жана троллейбустарда орнотулган мониторлордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Аталган маселе Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде өткөн жолугушууда талкууланды. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

Жолугушууга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жана транспорт тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду

Пикир

Оставить комментарий