• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Бишкекте 9 медициналык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлөт - мэрия

Коом 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Быйыл Бишкекте 9 медициналык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, быйыл борбор калаада саламаттык сактоо бөлүмү жана "Капиталдык оңдоо иштери" беренелери боюнча 9 медициналык мекемени оңдоо каралган. Ал 9 объектте оңдоо иштери жай айынын аягына чейин бүтүшү керек болчу. Бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу каражат (киреше) түшкөнгө жараша бөлүнүүдө.

Учурда Бөкөнбаев көчөсүндөгү кургак учук менен күрөшүү шаардык борборунда оңдоо иштери аяктаган. Ал жерде "Инвест клаб" компаниясы имараттын чатырын алмаштырган.

Исанов көчөсүндө жайгашкан ыкчам медицина борборунда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Ал жерде "Дастан Строй Групп" компаниясы имараттын сыртын жана чатырын оңдоодо.

Фучик көчөсүндөгү №1 шаардык клиникалык ооруканасында имараттын сырты жылууланып, боелот. Ал жакта "Катаган" компаниясы иштөөдө. Учурда жумуш 30%га аткарылган.

№6 шаардык клиникалык ооруканасынын ашкана бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландалып, азыркы тапта иш башталган. Буйрутма аткаруучу компания - "Дэмви".

Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда (4-шаардык оорукана) имараттын ичи жана тышы жасалууда. Жумуш 70%га аткарылган. Жумуш "Азия Прогресс Групп" компаниясы тарабынан аткарылууда.

"№1 төрөтканада оңдоо иштери башталмак. Бирок оорукананын администрациясы келген бейтаптар көп болуп, имараттын ичи бош болбогондуктан бир аз күтүп туруу өтүнүчү менен кайрылды", - деп билдирет мэрия.

Горький көчөсүндөгү автобазада оңдоо иштери баштала элек.

Сүйөркулов көчөсүндөгү балдар сүт ашканасындагы иштер 50%га аяктаган. Ал жерде "Техно Смарт Сервис" компаниясы иштөөдө.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын диспетчердик пунктунда оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 10-августта тендер жарыяланат.

"Бардык оңдоо иштерин суук түшкөнгө чейин аткарганга аракет кылабыз", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий