• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдоочуну жекеге чакырган инспектор жол коопсуздугун убактылуу көзөмөлдөбөйт

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Унаанын айдоочусун жекеме-жекеге чакырган патрулдук милиция кызматкери Анардин Уметов убактылуу жол коопсузудугун көзөмөлдөбөйт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Чүй облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 15-июнда Чүй облусундагы Чүй районуна караштуу Искра айылында болгон.

“Кызматтык иликтөө азырынча бүтө элек. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Биз анын качан бүтөөрүн билбейбиз. Иликтөөнү өздүк коопсуздук кызматы жүргүзүп жатат. Аларга атайын убакыт бөлүнгөн. Учуру келгенде жыйынтыгын чыгарышат. Ал эми бул окуяга тиешеси бар болгон инспектор учурда жолдорду көзөмөлдөө кызматын аткаруудан четтетилген”,-деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Таалай Жунушов аттуу жаран интернетке видео жайгаштырган. Анда айдоочу жол эрежесин бузбаганына карабастан, Искра айылында аны патрулдук милиция кызматкери токтоткон. Инспектор айдоочуга катуу ылдамдыкта келатканын айтып, документтерин сураган. Бирок, айдоочу каршы болуп, радарды көрсөтүүсүн жана аны видеого тартууну талап кылат. Бирок, инспектор айдоочунун телефонун алып, чөнтөгүнө салып алган. Телефондогу жаздыруучу функциясы иштеп турганына байланыштуу айдоочу менен инспектордун сүйлөшкөнү жазылып калган.

Айдоочу видеону өчүрбөй турганын билген соң, инспектор жинденип, ага кыйкырып, коркутуп баштаган. Өлтүрөм деп коркутуп, айдоочуну жекеме жекеге чакырып, куралын дагы алып чыкканга үлгүргөн.

Пикир

Оставить комментарий