• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жамааты мекемени жоюу чечимине каршы митингге чыкты

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун алдында Саламаттык сактоо министрлигинин борборду шаардык тез жардам ооруканасына айландыруу чечимине каршы чыккан кызматкерлердин митинги өттү.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдиргендей, борбор өлкөдөгү илимий ишмердүлүүк боюнча биринчи орунда турат жана квалификациялуу адистерди даярдоо менен алектенет.

Борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Жаныш Сулайманов билдиргендей, борбордо дүйнөлүк стандарттар жана технологиялар боюнча операциялар жасалат.

“Биздин борбордун жабылышы реформа болуп саналбайт, тескерисинче биздин жетишкендиктерди артка калтырат. 18 жылдын ичинде 40-50 жылга караганда көбүрөөк иштер жасалды. Гүлдөп-өсүп жаткан мекемени жөндөн-жөн жоюуга болбойт”, - деди ал.

Ал ошондой эле жамаат кескин чараларга барарын, ал кандай чаралар экендигин кеңешип туруп айтарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий