• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жусупбекова: ЖРТнын максаты – абитуриенттерге жогорку окуу жайларында окууга бирдей шарт түзүп берүү

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) максаты – абитуриенттерге жогорку окуу жайларында окууга бирдей шарт түзүп берүү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, ЖРТ Кыргызстанда 2002-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ал билим берүү тармагында коррупцияга каршы болгон эң ири долбоорлордун бири болуп саналат. Бул тестирлөөнүн максаты – өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуусун улантып кете ала турган эң жөндөмдүү абитуриенттерди тандап алуу.

“Эгер 2015-жылы жогорку окуу жайларга барууга 47% гана бүтүрүүчүнүн мүмкүнчүлүгү болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 57%ды түзгөн. Аймактар боюнча да абал жакшырган. Эгер бир нече жыл мурун Талас облусунда ЖРТ боюнча көрсөткүч төмөн болсо, бул жылы облус чоң секирик жасаган. Калган облустар боюнча да көрсөткүчтөр жакшы”, - деди министрдин орун басары.

Жусупбекова белгилегендей, азырынча 2019-2020 окуу жылда ЖОЖго канча абитуриент бараары тууралуу айтуу кыйын. “Анткени жыл сайын 11-классты аяктагандардын саны 60 миңге жакын болсо, 9-классты аяктап мектептен кеткендердин саны 90 миңге жакын болот. Бирок, алардын канчасы жогорку окуу жайга барат, канчасы барбашы белгисиз. Ошол себептен азырынча бул окуу жылы канча абитуриент болоору тууралуу айтуу кыйын”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий