• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тик учактын кыйрашы. Жабыркагандардын абалы айтылды

Ден соолук 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкектеги ооруканаларда Ми-8МТВ тик учагынын кыйрашынан жабыркаган 10 адам медициналык жардам алууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан агенттикке кабарлашкандай, №4 Шаардык тез жардам ооруканасында жабыркагандардын сегизи жатат. Алардын ичинен экөө реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө, калгандары палатага которулду.

"Дагы эки бейтап Улуттук госпиталда, абалдары туруктуу", - деп билдиришти ведомстводон.

Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон.

Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий