• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын аймагы үзгүлтүксүз дезинфекцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймагы дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июль күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын N109, 85, 12, 13, 29 Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы Кара-Суу, Яшлар, Төлөнов, С.Айни көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, балдар ойноочу аянтчалар, Тешик-Таш мөмө-жемиш базары, 13 дүкөн, 5 дарыкана, 3 май куюучу жай, 5 навайкана, 15 кичи дүкөн, 14 аялдама, 37 турак үйдүн дарбазалары, Ош шаардык мэриясынын имараты, убактылуу обсервацияга даярдалып жаткан “Газпром” спорт комплекси толугу менен залалсыздандырылды.

Бул иш-аракеттер ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий