• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланды.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерлерге КР ИИМдин Мамлекеттик авто инспекциясынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына карата “Милициянын мыкты кызматкери” төш белгилери, “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдары, Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Сыйлык ээлерине карата Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан куттуктоолор айтылып, иштеринде ийгиликтердин болуусун каалашты. Ошондой эле ЖКККБ кызматкерлери облус аймагында кылмыштуулуктун алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо өздөрүнүн зор салымдарын кошуп келе жатышкандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий