• 88.68
  • 95
  • 0.95

Синьцзян педагогикалык университетинин өкүлдөрү ОшМУга келди

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Синьцзян педагогикалык университетинин проректору Ван Чжиюн баштаган делегациясы Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди.

ОшМУдан билдиришкендей, коноктор университеттин окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров баштаган кыргыз-кытай факультетинин жамааты менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров Ван Чжиюнго Ош шаарындагы кытай тили мугалимдерине квалификацияны жогорулатуу курсун уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Синьцзян педагогикалык университетинин жетекчилигин ОшМУнун апрель айында өтүүчү 85 жылдык юбилейине чакырды.

Ван Чжиюн кытай тилин чет тили катары башка өлкөлөрдө мыкты деңгээлде окутуп-үйрөтүү, студенттердин мобилдүүлүгүн жана окутуучулардын стажировкаларын уюштуруу, илимий жаатта факультеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү Синьцзян педагогикалык университети үчүн башкы орунда турарын белгиледи. ОшМУ менен бул багытта тыгыз иш алып барууга даяр экендиктерин билдирди.

Синьцзян педагогикалык университети ОшМУнун Кытайдагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Эки университет 2013-жылдан бери билим берүү, илим, студент, магистрант, аспирант жана окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий