• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдаркен аймактык милиция бөлүмчөсүндө 2020-жыл ичинде 77 кылмыш катталган

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Айдаркен шаарында жана Шак-Шак айылынын эли менен милиция кызматкерлери жолугушуу өткөрүп, элдин көйгөйүн укту.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга келген эл айылдын коопсуздугун сактоо максатында бир топ сунуштарын айтышты.

Негизинен бул аймакта алдамчылык, батир уурулуктары көп катталып, кылмыштардын бети ачылган.

"Кадамжай РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде район аймагынан алыс жайгашкан айыл тургундарынын арыз-даттанууларын кабыл алат. Милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүнө ыраазы болгон эл мындан ары да милиция кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзөөрүн белгилеп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Айдаркен аймактык милиция бөлүмчөсүндө 2020-жыл ичинде 77 кылмыш катталып, 74 кылмыштын бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий