• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында "Керемет китептер дүйнөсү” аталышындагы фестиваль өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Керемет китептер дүйнөсү” аталышындагы фестиваль болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, фестиваль USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында уюштурулуп, 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, облустук китепкананын директору Сейилкан Аталиева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана 90 окуучу Жалал-Абад шаарынан, 10 окуучу жакынкы райондордон катышты.

Фестивалдын негизги максаты – башталгыч класстардын балдары жана ата-энелери арасында окуу маданиятын жайылтуу болуп саналат.

Иш-чара чоңдор жана балдар үчүн ар кандай оюндарды уюштуруу менен коштолду. Анда мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова тарбиялык мааниси бар “Жүн” аттуу чыгарманы окуп берип, окуучулар менен баарлашты. Мындан сырткары, окуучулар тарабынан да кызыктуу тамсилдер сахналаштырылды.

Белгилей кетсек, USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстанда башталгыч класстарда окуган 450 000ден ашуун окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1 681 мектепте ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий