• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №2 ооруканада бомба тууралуу маалыматтан улам бейтаптар эвакуацияланууда

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Бишкекте №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам бейтаптар эвакуацияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде жүрөт. Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө.

"Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий